Беттеги кара чекиттердин пайда болуусу

 

Беттеги кара чекиттердин пайда болуусу

Беттеги кара чекиттердин пайда болуусу

 

Беттеги май бездери катуу иштегенде түтүкчөлөр кеңейип, бош жерлерге май топтоло баштайт. Майларга жабышкан чаңдар кара чекиттерди пайда кылат, Жүзүбүздөгү кара чекиттер мына ушинтип пайда болот. Айлана-чөйрөбүз дайыма таза эмес, көчөдө, жумушта, жада калса үйдө да аба кир жана чаң болгондуктан адамдардын бети бул көйгөйгө кабылат. Медициналык термин менен кара чекиттерди «комедондор» дейбиз. Үй шартында өз алдынча комедондорду кол менен сыкса, түтүкчөлөргө кирген микробдор безеткини пайда кылат. Ошондуктан бет терисине өзгөчө кам көрүп, дайыма профессионал косметологго тазалатып туруу керек.

 

«Биз сиздин сулуулугуңуз үчүн иштейбиз!»

 

*Төмөндө сиздер үчүн үй шартында жасалуучу маскаларды сунуштайбыз, өзүңүздүн
териңизге ылайык масканы тандап, колдонуңуз.

 

Тазалоочу жана агартуучу маскалар

  • Кургак териге

1 аш кашык быштакка 1 даана жумуртканын агын жана 2 тамчы кычкылтек суусун кошуп аралаштырабыз да, бетке 10-15 мүнөт коюп, кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

 

  • Майлуу териге

1 аш кашык быштакка 1 даана жумуртканын агын жана 2 тамчы кычкылтек суусун кошуп аралаштырабыз да, бетке 10-15 мүнөт коюп, кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

 

  • Нормалдуу териге

1 тутам петрушканы майдалап 1 стакан (100 гр) кайнаган суу кошуп, 10 мүнөт тыныктырып коебуз. Кийин марлиге салып бетке жабабыз да 10 мүнөттөн соң марлини кайра аралашмага салып нымдалыштырып алып кайра дагы 10 мүнөт коебуз.

 

ЭСКЕРТҮҮ! Үй шартында жасалган маска бет терисин үстүртөн гана тазалайт, косметологиялык процедурасыз бетиңиз кадимкидей тазарбайт.